Кыргызстанда күрөш боюнча үч жаңы эл аралык калыс пайда болду
Күрөш федерациясы
10 сентябрь

Кыргызстанда күрөш боюнча үч жаңы эл аралык калыс пайда болду

Кыргызстандын калыстар корпусу күрөш боюнча үч жаңы эл аралык калыс менен толукталды.

Өлкө өкүлдөрү 2026-жылдагы U15 жана U20 Азия чемпионатынын алкагында өткөн UWW Level 1 курсунун экзаменин ийгиликтүү тапшырышты.

Экзамендин жыйынтыгында Жусуп Асейнов, Айзада Жаналиева жана Керемет Жаныбекова күрөш боюнча III категориядагы эл аралык калыс статусуна ээ болушту.

Ушуну менен Кыргызстандын үч адиси бир убакта эл аралык III категориядагы калыс наамын алды.