Ысык-Көлдө ШКУнун 25 жылдыгына арналган “Run the Silk Road — ШКУ” эл аралык марафону өтөт
www
1 апрель

Ысык-Көлдө ШКУнун 25 жылдыгына арналган “Run the Silk Road — ШКУ” эл аралык марафону өтөт

Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата 2-майда Чолпон-Ата шаарында “Run the Silk Road — ШКУ” эл аралык Ысык-Көл марафону өтөт.

Ири спорттук иш-чарага 20 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө.

Мелдештин программасы:

  • 42,2 км — марафон;
  • 21,1 км — жарым марафон;
  • 10 км — чуркоо жана скандинавиялык басуу;
  • 3 км — массалык чуркоо.

Аталган марафон өзгөчө мааниге ээ болуп, спорт аркылуу эл аралык кызматташууну бекемдөөгө багытталган.