КРнын футбол боюнча айымдар курамасы окуу-машыгуу жыйындарын жыйынтыктады
Кыргызстандын футбол боюнча айымдар улуттук курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын жыйынтыктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылкы Азия Кубогуна тандоо туруна даярдыктын алкагында команда «Мурас Юнайтед» окуу-базасында машыгуу жыйындарын өткөрүп, Казакстандын курама командасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул оюндар машыктыруучу штабга оюнчулардын физикалык абалын баалоого, тактикалык байланыштарды текшерүүгө жана команданын өз ара аракетин чыңдоого мүмкүнчүлүк берди.
Эскерте кетсек, Азия Кубогунун тандоо этабынын «D» тобундагы оюндар 29-июндан 6-июлга чейин Индонезиянын Джакарта шаарында өтөт. Кыргызстандын курама командасынын атаандаштары — Индонезия, Кытай Тайбэйи жана Пакистан курама командалары.
