Максим Лисицын футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу кызматынан кетти
27 июнь

Максим Лисицын футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу кызматынан кетти

Максим Лисицын Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Лисицындын Кыргыз футбол биримдиги менен келишими 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөн.

КФБ жетекчилиги, орусиялык адис менен келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Башкы машыктыруучу менен кошо анын машыктыруучулук штабы дагы толугу менен кетет.

Бүгүн, 27-июнда КФБ биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев Максим Лисицын жана ал жетектеген машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө КФБ жетекчиси кабыл алынган чечимди жеткирип, ошондой эле КФБ Президенти Камчыбек Ташиевдин жана футбол коомчулугунун атынан, адистин натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Максим Лисицын бул кызматта бир жыл бою иштеп, курама үчүн тарыхый болуп эсептелинген 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда жетектеди. Россиялык адис бул раунддагы күчтүү командалар менен татыктуу оюн көрсөтүп, футболчулар үчүн оюн тажрыйбасын топтоого шарттарды түзө алды. Машыктыруучу жаңы муундун оюнчуларына ишенимин арттырып, аларды командага жуурулуштуруу боюнча кынтыксыз иш жүргүздү. Ал келечектеги боло турган чакырыктарга команданын болгон даярдыгын жакшыртты.