Кыргызстандык адистер U-20 Азия Кубогунда иштешти
Кыргызстандын адистери континенттин эң мыкты 16 команданын катышуусу менен Кытайда орун алган U-20 жаштар курама командалар арасындагы Азия Кубогунда иштешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
КФБнын Мелдештер бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Толкачев турнирдин тайпалык, жарым жана чейрек финалдык оюндарын кабыл алган Шеньчжень жаштар футбол борборунун стадионунда башкы координатордун милдетин аткарды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын футзал ассоциациясынын жетекчиси Абаз Торез мелдештин негизги «Боан» стадионунда коопсуздук офицери катары тайпалык оюндарда, чейрек жана жарым финалдык жана финалдык оюндарда иштеди.
Аталган дайындоолор Кыргызстандын адистери эл аралык аренада талабы бар, жогорку кесипкөйлүккө ээ экендигинен кабар берет.
