АФКнын чакырык лигасы: «Мурас Юнайтед» тайпалык этапта жолдомону камсыздады
Кыргызстандын Кубогунун ээси – «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад шаары) бүгүн, 12-августта АФКнын 2025-2026 сезонунун Чакырык Лигасынын квалификациялык этабында өз жүрүшүн баштап, конокто Бангладештин «Абахани Лимитед» клубу менен кез келди.
Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, аталган беттеш 2:0 эсебиндеги «Мурас Юнайтед» клубунун жеңиши менен аяктады.
Ата-мекендик клуб үчүн Атай Жумашев эки голду тең жаратты (48', 90+2'). Беттештин мыкты оюнчусу болуп Атай Жумашев табылды.
Ошентип, «Мурас Юнайтед» турнирдин тайпалык этабына жолдомону камсыздады. Тайпалык оюндар октябрдын соңунда орун алат.
Квалификациялык оюндарга «Батыш» жана «Чыгыш» зонадан 18 клуб катышып, 9 команда тайпалык этапка жолдомо алат. Ал эми, тайпалык этапта 20 клуб ойноп, кийинки баскычка 8 клуб жолдомо алат.
