Тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
8 ноябрь

Тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте тайбокс (МуайТай) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чара 10-11-ноябрь күнү "Газпром" спорт комплексинде өтөт.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • Эркектер: 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 81, 86, 91, +91 кг;
  • Кыз-келиндер: 48, 52, 56, 60, 65 кг.

Чемпионат Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын тайбокс федерациясы тарабынан уюштурулат.