КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Сергей Резин дүйнө салды 
7 апрель

КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Сергей Резин дүйнө салды 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу – Кара-Балта шаарында футболдун калыптанышына жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон Сергей Александрович Резин 72 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирет.

Ал 45 жылга жакын өмүрүн футболго арнады. Сергей Александровичтин жетекчилиги алдында Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчулары жана өлкөдөгү футболдун өнүгүшүнө чоң салым кошкон Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин, Фархад Хайтбаев тарбияланышып, Сергей Александрович футбол үчүн 30дан ашык спорт чеберин даярдаган.

Бул мыкты ата-мекендик адисибиздин жаш таланттарды өнүктүрүүгө жана футболдук маданиятты жайылтууга кошкон салымы чоң.

Кыргыз футбол биримдиги Александр Сергеевичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана бул орду толгус жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөт!