Раззак Бейшекеев Иорданиядагы Азия чемпионатында күмүш утту
Кыргызстандын грек-грим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Биринчилик ушул тапта Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.
Балбан 67 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/4 финалдык беттеште Индиялык Нирадж Нираджды 11:7 эсебинде жеңди. Жарым финалдык беттеште жапониянын балбанын уткан.
Алтын медаль үчүн беттеште ирандын балбанынан утулуп калды. Жыйынтыгында Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.
