Ош шаарындагы футбол инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды
Кыргыз футбол биримдиги
9 июнь

Ош шаарындагы футбол инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) башкы катчысы Медербек Сыдыков 8-июнда Ош шаарына болгон сапарынын алкагында калаа мэри Жанар Акаев менен жолугушту. Бул тууралуу КФБдан кабарлашты. 

Жолугушуу Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын базасында жүрүп, анын жүрүшүндө тараптар аймактагы футболду мындан ары өнүктүрүү, спорттук инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле футбол тармагындагы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

КФБнын башкы катчысы Ош шаарындагы футболдук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландарды тааныштырды. Алардын катарында заманбап көп функционалдуу спорт комплексин куруу жана Асылбек Момунов атындагы Футбол академиясынын базасында кошумча мейманкана корпусун куруу долбоорлору бар.

Өз кезегинде шаар мэри белгиленген долбоорлорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргыз футбол биримдиги менен мындан аркы тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Иш сапарынын алкагында Медербек Сыдыков Ош шаарынын футбол коомчулугунун өкүлдөрү, «Алай» футбол клубунун жана Асылбек Момунов атындагы Футбол академиясынын жетекчилиги менен да жолугушту.

Жолугушууларда аймактагы футболду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана мындан аркы кызматташуу пландары талкууланды.