Мухамед Аскарбеков «ЛКС» клубунун оюнчусу болду
Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын оюнчусу Мухамед Аскарбеков Россиянын «ЛКС» клубу менен келишим түздү.
Клуб Липецк облусунун атынан Суперлигада катышат.
Келишим эки жылга түзүлгөн.
Эске салсак, өткөн сезонду Мухамед Орусиярын жогорку лигасынын «ТЗМС» командасынын курамында өткөргөн.
