Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу башталды
25 февраль

Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу башталды

Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Ообъекттердин тизмеси:

1. Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасындагы Достук кичи көчөсү 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;

2. Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Г. Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;

3. Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Чолок-Терек айылынын А. Керимбеков көчөсү 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;

4. Спутник кичи шаарчасынын Р. Азизов көчөсү 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;

5. Достук муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке (Л. Фурманов көчөсү 5) 275 орундуу кошумча корпус;

6. Достук кичи шаарчасындагы №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ббүгүн, 25-февралда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барып, объекттердин долбоордук-сметалык документтери менен таанышып, тиешелүү департаменттердин жетекчилерине жана подряддык уюмдарга курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.