"Эл үмүтү" стипендиясы. Үч жылдын ичинде 37 стипендиат каржыланды
Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы төртүнчү жыл ишке ашырылууда.
Илим министрлигинен кабарлашкандай, алгачкы кабыл алуу 2022–2023-окуу жылында өткөрүлгөн.
Үч жылдын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин фондунан 177 747 727 сом бөлүнгөн.
Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын таланттуу жана максаттуу жаштарын колдоо максатында, магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде билим алуу үчүн, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 100дүккө кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына (QS World University Rankings жана Times Higher Education версиясы боюнча) бөлүнгөн.
Мындан тышкары, 2025–2026-окуу жылына Кыргыз Республикасынын президентинин “Эл үмүтү” стипендиясына жалпы 89 талапкер документ тапшырган. Алардын ичинен 39 талапкердин кандидатурасы Республикалык комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Так жана кылдат тандоонун жыйынтыгында 30 талапкер стипендиат катары аныкталып, 9 талапкердин кандидатурасы четке кагылган.
