Тармактык комитет КРнын соцчөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча маалымат алды
3 март

Тармактык комитет КРнын соцчөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча маалымат алды

Бүгүн, 3-марттагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1968-VII «Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматы жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, эске алынды.

Жыйында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев спорттук делегациялардын курамына кирген дарыгерлердин иш сапар жана суткалык чыгымдарын төлөө шарттарын жакшыртуу маселесине токтолду.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2022-жылы бардык педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы 100%га, кенже техникалык кызматкерлердин эмгек акысы 80%га жогорулагандыгын маалымдады. Ошондой эле ал 2023-жылы директорлордун жана орун басарларынын айлык акысы 50%га жогорулаганын кошумчалады.

«Азыркы учурда бала бакча, мектептен тышкаркы уюмдардын, кесиптик лицейлердин жетекчилеринин эмгек акысын көтөрүү боюнча каржы булактары аныкталып жатат. Бул максатка 600 млн сом керектелет», - деди.

Муну менен катар жыйында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Талкуу маалында депутат Советбек Рустамбек уулу атайын кызматтарды, анын ичинде логопедия тармагын өнүктүрүү зарылдыгын ортого салды. Ал белгилегендей, азыркы коомдо сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн квалификациялуу жардамга муктаждык өсүүдө.

Депутат Айбек Маткеримов өспүрүмдөрдүн өлүмү менен коштолгон акыркы кайгылуу учурларга тынчсыздануусун билдирип, жооптуу мамлекеттик органдарды бул жагдайды терең талдап, алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды. Эл өкүлү ар бир мектепте психолог болушу керектигин белгиледи.

Депутат Илимбек Кубанычбеков Кыргызстандагы медициналык мекемелердин органдарды трансплантациялоо операциясын жүргүзүүгө даярдыгы боюнча маселени көтөрдү. Буга Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бүгүнкү күндө 64 бөйрөк алмаштыруу жана 2 боор алмаштыруу боюнча операция жасалгандыгын маалымдады.

Эл өкүлү Камила Талиева медициналык-социалдык экспертизаны системалуу түрдө өнүктүрүү, ошондой эле Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын штаттык санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Гүлкан Молдобекова токтомдун аткарылышынын натыйжалуулугу тууралуу сөз кылып, министрликтердин орун басарларынын эмес, министрлердин талкууга катышуусунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.