Догдуркүл Кендирбаева: 2026-жылы методисттердин айлыгы өтө чоң суммага көтөрүлөт
2026-жылы Кыргызстанда бир гана мугалимдердин эмес, агартуу жаатында иштеген башка кызматкерлердин да айлык маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Айтымында, методисттер учурда 12 миңден 18 миң сомго чейин айлык алышат.
“Методисттер – булар мугалимдерди окута турган мугалимдер. Мугалимдер декретке чыгышат, ары-бери которулушат, ошондо көп программадан артта калышат дагы, мындай учурда методисттерден тынымсыз колдоо көрүшөт. Мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу институттарынын жана облустук билим берүү институттарынын методисттери, Кыргыз билим берүү академиясынын адистери мугалим катары бааланбагандыктан, акыркы 2 жолку айлык көтөрүүдөн артта калышкан. Алар 12 миңден 18 миң сомго чейинки айлыкка иштеп жүрүшкөн. Ошол эле убакта мугалимдерибиз эки эсе көп айлык алышат. Эми методисттердин айлык акысы президенттин көзөмөлүнө алынып, келерки жылдан тартып өтө чоң суммага көтөрүлгөнү турат. Расмий маалымат чыккыча, так сумманы айтпай турайын”, – деди Кендирбаева.
Ал методисттердин айлык акысын жогорулатуу бул тармакка мыктыларды тартып, мугалимдерди методикалык коштоо кызматынын деңгээли өсөөрүн белгиледи.
Ошондой эле министр агартуу тармагында эмгектенген кызматкерлердин атынан президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
“Бул өтө чечкиндүү жана өтө чоң бюджетти талап кылган кадам. Агартуу системасында 95-97 миң адистер иштейт. Бизде тейлөө кызматында: жылуулук, тазалык менен камсыз кылгандар да бар, алардын дагы айлыгын эселеп жогоруталуу чечими кабыл алынды”, – деди Догдуркүл Кендирбаева.
