Бишкектеги мектептерде окуу 2-декабрда башталат
24 ноябрь

Бишкектеги мектептерде окуу 2-декабрда башталат

Министрлер кабинетинин төрагасынын токтомуна ылайык, 2025-жылдын 25-ноябрынан 1-декабрына чейин Бишкек мектептеринде окутуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.

Бул 2025-жылдын 26–27-ноябрында Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдык көрүү, ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого мектептерди (шайлоо участокторун) уюштуруу, анын ичинде добуш берүүдөн кийинки тазалоо иштерине байланыштуу.

2025-жылдын 2-декабрынан тартып мектептерде окутуу кадимки күндүзгү форматта улантылат.