Ак-Суу районунун Курбу айылында жаңы мектеп бүткөрүлдү
12 август

Ак-Суу районунун Курбу айылында жаңы мектеп бүткөрүлдү

Ак-Суу районунун Курбу айылында 200 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу  Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имараттын курулуш иштери 2022-жылы башталган. Жалпы наркы 56 млн. сомду түздү.

Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды.

"Буга чейинки мектеп өтө чакан болуп, эскилиги жетип, пайдубалдары көгөрө баштагандыктан, балдардын ден-соолугуна кооптуу абал жаратып келген. Ал эми жаңы мектептин курулушу менен жаңы окуу орундары жана балдар үчүн бардык тийиштүү заманбап шарттар түзүлмөкчү", – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда айрым ички жасалгалары жана тышкы көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Мектеп жаңы окуу жылына карата ачылат.