Кендирбаева алайлык мугалимдерге 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берди
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 25-28-март күндөр Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймактарына белгиленген иш сапарынын алкагында 26-мартта Алай районунун жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чара Алай райондук мамлекеттик администрациясында өтүп, анда министр «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы жасалган иштер жана 2025-2026-окуу жылына мерчемделген пландар тууралуу кенен маалымат берди.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар 12 жылдык билим берүү боюнча бардык суроолоруна жоопторду ала алышты.
Иш сапардын максаты - региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
