
Жыл башынан бери Баткенде 29 үй тибиндеги балдар бакчасы ачылды
Жыл башынан бери Баткен облусунда 29 үй тибиндеги балдар бакчалары ачылып, 676 бала тарбияланууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Үй тибиндеги бала бакчаларын ачууга кызыкдар тараптарга, мамлекет тарабынан жеңилдетилген шарттар каралган.
Ишкерлер өз үйүндө, үй тибиндеги бала бакча ачса, салык жана башка төлөмдөрдөн бошотулуп, балдардын саламаттыгына байланыштуу коопсуздук жана санитардык эрежелерин сактоосу гана жетиштүү болот.
Белгилей кетсек, Баткен облусунда мектеп жашына чейинки балдардын 28% бала бакчаларга тартылган.
Облус боюнча жалпы 208 бала бакча бар, анын 176 мамлекеттик, 32 жеке менчик бала бакчалар. Ал эми бала бакча курагындагы балдардын саны 91миңден ашууда.