Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасынын бет ачары Москвада өттү
3 март

Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасынын бет ачары Москвада өттү

Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин залында 1-мартта кыргыз тилин өнүктүрүү, анын маанисин, кадыр-баркын жогорулатуу, өсүп келе жаткан муунда таза адабий кыргыз тилинде сүйлөөгө үйрөтүү маселелерин талкуулоого арналган жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиядан кабарлашты. 

Иш-чаранын алкагында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү тилчи, Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз тилди санариптик окутуу" платформасынын бет ачары өткөрүлдү.

Платформанын түзүүчүсү Батма Болоталиевна бул күндөрү Москва шаарына эл аралык конференцияга катышуу боюнча иш сапарынан пайдаланып, Москва шаарында эмгектенип жаткан мекендештерибизге платформанын жаралуу тарыхы, мүмкүнчүлүктөрү, жаңылыгы, өзгөчөлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.

Жалпы катышуучулар, балдар арасында мастер-класс уюштурулду.

Батма Болоталиевна учурда кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон муктаждык күндөн-күнгө өсүп жаткандыгын, айрыкча, чет өлкөдө жашаган мекендештерибиз үчүн санариптик колдонмолор өтө маанилүү экендигин белгилеп, бул окутуу платформасынын негизги максаты – мамлекеттик тилди санариптик технологиялардын жардамы менен үйрөнүүнү жеңилдетүү жана жеткиликтүү кылуу экендигине токтолду.

Белгилей кетсек, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Платформанын шилтемеси: https://sanariptik-okutuu.kg