КР ТИМдин Дипломатиялык академиясында Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү
2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия менен биргеликте 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чара өткөрдү.
Иш-чарага КР ТИМинин кызматкерлери, Дипломатиялык академиянын жетекчилиги жана окутуучулары, ошондой эле студенттер катышты.
Иш-чаранын алкагында эне тилди сүйүүгө, урматтоого жана аны колдонууга чакырык жасалып, катышуучулар эне тилиндеги көркөм чыгармаларды окууга активдүү катышышты. Мындан тышкары тилдик жана маданий мурастарды жайылтууга багытталган таанып-билүүчүлүк викториналар өткөрүлдү.
Ошондой эле студенттер шотландиялык акын Роберт Бернстин ырларын Нургазы Кемелбаевдин котормосунда окушту. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, Дипакадемиянын студенттери тарабынан тартылган Ч. Айтматовдун «Кызыл алма» кыска метраждуу көркөм тасмасы да тартууланды.
Белгиленген иш-чара акын-импровизатор Мундузбек Борончиевдин ыры менен жыйынтыкталды.
Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, анда маданий мурастын ажырагыс бөлүгү катары эне тилди сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.
