«Мектептердеги дааратканалардын абалы өтө начар» – Бекешев көйгөйдү чечүүнү талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандагы мектептердин дааратканаларынын абалы канааттандырарлык эмес экенин айтып, санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылды.
Бул маселени депутат Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында көтөрдү.
Анын айтымында, өзгөчө Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жайгашкан №84 мектепте, Сокулуктагы №4 мектепте жана өлкөдөгү башка көптөгөн билим берүү мекемелеринде көйгөй курч бойдон калууда.
Бекешев бул маселени былтыр да көтөргөнүн, бирок көйгөй ушул күнгө чейин чечилбей жатканын белгиледи.
«Абал өтө начар, чындап эле өтө начар. Бул боюнча кандайдыр бир чара көрүү керек», – деп баса белгиледи депутат.
Ошондой эле ал мектептердин дааратканаларын оңдоого каражат бөлүп, балдар үчүн эң жөнөкөй санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү зарылдыгына көңүл бурду.
Депутаттын пикиринде, окуучуларга эң негизги тиричилик шарттары да камсыздалбаса, сапаттуу билим берүү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес.
Буга жооп катары Министрлер кабинетинин төрагасы Курулуш министрине бардык мектептердеги дааратканаларды инвентаризациядан өткөрүп, алардын абалын баалоону жана зарыл чараларды аныктоону тапшырды.
