Нарын облусунда интеллектуалдык менчик боюнча билим кербени
2025-жылдын 17-апрелинде Кыргызпатент Нарын облусунда «Интеллектуалдык менчик боюнча билим кербенинин» алкагында окуу иш-чарасын ийгиликтүү өткөрдү.
Нарын шаарына Нарын облусунун бардык райондорунан райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер, кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, облустук бажы органынын кызматкерлери, ошондой эле орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери чогулушту.
Бул окуу иш-чарасы Кыргызпатент менен анын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ортосундагы Макулдашуунун алкагында мерчемделген иш-чараларды биргелешип ишке ашырууга багытталган.
Макулдашууга 2024-жылдын 23-апрелинде кол коюлган жана ал, аймакта интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле бул багыттагы мамлекеттик программаларды ишке ашырууга багытталган.
Мындан тышкары, Кыргызпатент инновация тармагында маанилүү «40 район – 40 демилге» долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө, жергиликтүү демилгелерди колдоого жана инновациялык идеяларды ишке ашырууга багытталган.
Белгилей кетсек, долбоорго 2022-жылы республиканын бардык аймактарынан 98 кайрылуу түшкөн, анын ичинен 14 арыз Нарын облусунан болгон. Жеңүүчү деп Ж. Осмонова «Сүзмө малина, чычырканак жана өрүк менен» (малина, чычырканак жана өрүк кошулган быштак азыгы).
2023-жылы долбоорго катышууга 245 арыз түшкөн, анын 29у Нарын облусунан. Жыйынтыгында Нарын облусунан эки долбоор жеңүүчү деп табылган: Б.Молдобаеванын «Жүндөн органикалык жер семирткичтерди өндүрүү» жана З.Султанованын «Гидропоникалык тоют» долбоорлору.
2024-жылы «40 район – 40 демилге» долбооруна 206 арыз түшсө, Нарын облусунан 17 арыз катталган. С.Маматбекованын учурда жергиликтүү чычырканак өндүрүүчүлөрдүн ишин жеңилдетип, экспорттун өсүшүнө өбөлгө түзгөн «Мөмө-жемиштер» долбоору жеңүүчү деп табылды.
Ошондой эле, Кыргызпатенттин 2025-жылы ишке ашырылган «40 район – 40 китеп» жаңы долбоорунун алкагында Нарын облусунан бир жазуучу өз китебин бекер басып чыгарууга мүмкүнчүлүк алган.
Чогулгандар Кыргызпатенттин «40 район – 40 демилге» республикалык сынагына катышууга чоң активдүүлүк жана кызыгуу көрсөтүштү. Мындан тышкары, Нарын облусунан келген жеңүүчүлөр өздөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тажрыйбаларын бөлүштү.
Кошумчалай кетсек, 2025-жылдын 18-апрелинде С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Экономика факультетинин 27 окутуучуларына жана студенттерине автордук укук, инновация жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузуулар боюнча лекциялар окулду. Мугалимдер өздөрүнүн көркөм чыгармаларын жана оригиналдуу иштеп чыгууларын каттатууга кызыгышты.
