Электрондук каттоо уланууда: республика боюнча 1- 2-класстар үчүн 157 751 орун жеткиликтүү
3 июнь

Электрондук каттоо уланууда: республика боюнча 1- 2-класстар үчүн 157 751 орун жеткиликтүү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025 – 2026-окуу жылына балдарды жалпы билим берүү уюмдарынын 1 – 2-класстарына электрондук каттоонун экинчи этабы улантылып жатканын билдирет.

2025-жылдын 3-июнуна саат 17:30га карата 132 021 бала катталды.  

Республика боюнча бош орундар – 157 751. 

Экинчи этапта жалпы 19 501 бала катталды, анын ичинен 2-июнга карата – 14 876 бала, 3-июнга карата – 4 625 бала катталды. 

Өтүнмөнү https://1mektep.edu.gov.kg порталы жана «Түндүк», МБанк, МойО!+Банк, MegaPay уюлдук тиркемелери аркылуу берүүгө болот. 

Экинчи тур 2025-жылдын 15-августунда аяктайт.