Өзгөн шаарында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды
30 апрель

Өзгөн шаарында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ош облусунун Өзгөн шаарындагы Раззаков көчөсүндө 500 окуучуга ылайыкталган жаңы жалпы билим берүү мектебинин курулушу башталды.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, тендердик баасы 262 млн сомдон ашат.

Долбоорго ылайык, мектеп алты блоктон турат, эки кабаттуу окуу корпус жана спорт зал камтылган.

Негизги окуу класстарынан тышкары, мектепте лабораториялар, компьютердик класс, азык-түлүк кампасы менен ашкана, актовый зал, медпункт, ошондой эле балдар жана кыздар үчүн кол эмгек кабинеттери каралган.

Мектептин жалпы аянты 5897 чарчы метрди түзүп, айланасында футбол, баскетбол жана волейбол үчүн аянтчалар курулат.