Информатика боюнча Евразия олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 21 медаль жеңди, анын 6 алтын
17 декабрь

Информатика боюнча Евразия олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 21 медаль жеңди, анын 6 алтын

Информатика боюнча Евразия олимпиадасында Кыргызстандык окуучулар 21 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XVII Евразия олимпиадасында жогорку жыйынтык көрсөтүп, 6 алтын, 9 күмүш, 6 коло медаль жана 3 сертификатка ээ болушту.

Олимпиада 2025-жылдын 15–16-декабрында Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун окуучу катышты. Кыргызстандан сынакка 24 окуучу барган.

Алтын медаль ээлери:

• Айдарбеков Алихан – 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Мананов Рамазан – 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Абдирасулов Абдуллахан – 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Сыдыкбаев Эмирхан – 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
• Саят Арлан – 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
• Акимов Ариет – 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.

Күмүш медалдын ээлери:

• Зымчыбеков Ислам – 11-класс, “Манас Ата” Талас лицейи;
• Минбаев Байыш – 11-класс, Купуев академиясы;
• Алишеров Азамат – 11-класс, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
• Арапов Али – 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Карыпжанов Нурислам – 11-класс, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
• Бектен Абдувалиев – 8-класс, Ош шаарындагы International School of Kyrgyzstan;
• Кадыров Адилхан – 10-класс, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
• Жаникеев Саид – 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Алмазов Али – 10-класс, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи.

Коло медалдын ээлери:

• Мавлянов Актан – 9-класс, “Intellect school” жеке менчик мектеби;
• Баймырзаев Аруубек – 9-класс, “Акылман” Президенттик лицейи;
• Исраилов Азирет – 9-класс, “Intellect school” жеке менчик мектеби;
• Филиппов Андрей – 11-класс, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи;
• Алымбеков Сабыр – 10-класс, “Маариф” билим берүү комплекси;
• Базаркулов Айтегин – 11-класс, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи.

Катышуу сертификатын алган окуучулар:

• Ажыбаев Байтур – 10-класс, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
• Досалиев Аман – 9-класс, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
• Матанов Абдумалик – 9-класс, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи.

Олимпиадага даярдаган мугалимдер:
• Кылычбек Урайымов,
• Медербек Осмонов,
• Артем Беляев,
• Мирбек Бакиров,
• Мехмет Ташкын,
• Шатлык Гурдов, Бекзод Эгембердиев,
• Бексултан Алмазбеков,
• Анатолий Игнатьев,
• Евгений Кичак,
• Мамат Ишматов.