Ноокен районунда бала бакчада жарылуу болду
31 март

Ноокен районунда бала бакчада жарылуу болду

Ноокен районунда бала бакчада жарылуу болду. 

ӨКМдин маалыматына караганда, окуя бүгүн таңга маал болгон. Бактыга жараша, бул маалда имараттын ичинде эч ким болгон эмес. 

Социалдык тармакта окуянын видеосу тарады. Автордун маалыматына таянсак, бакчадагы бойлер жарылып, дубалдар урап түшкөн. 

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.