Мелис Музулманов: Криминалдык авторитеттердин коомдук таасири азайууда – билимге артыкчылык берүүгө убакыт келди
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов Кыргызстанда криминалдык авторитеттерин жана бай адамдардын коомдук таасири акыркы жылдары гана азайып баштаганын белгиледи. Айтымында, азыр ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, мугалимдер менен билимдүү окуучуларды алдыга жылдыруу маанилүү.
“Биздин өлкөдө спортко жана спорчуларга чоң маани берилип жаткандай эле, билим берүүгө дагы артыкчылык берилиши зарыл. Бирок билим берүү тармагындагы жетишкендик спорттогу ийгиликтей кеңири даңазаланбайт”, – деди Музулманов.
Ал ошондой эле, билим берүү маселелерин бир гана мектептердин, Билим берүү академиясынын же министрликтин аракети менен гана чечүү мүмкүн эместигин белгиледи.
“Мектептер канчалык аракет кылбасын, ата-энелер катышпаса, окуучулардын өздөрү умтулбаса – бул эң башкы нерсе - билимдүү адамга коомчулуктан суроо-талап болбосо, кырдаалды туура багытка өзгөртүү кыйын. Коомчулук билимдин маанисин аңдап сезүүсү керек”, - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 15-июнунан 20-июнуна чейин Ысык-Көлдө болуп өткөн Педагогикалык семинар-форумдун алкагында, Кыргыз билим берүү академиясы өлкөнү ар кайсы тарабынан келген 800дөн ашуун педагогго мектептеги билим берүүдөгү маанилүү өзгөртүүлөр тааныштырылды: жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты, 1-класстан 12-класска чейинки предметтик стандарттар, жаңы окуу программалары жана окуу китептери, ошондой эле 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүүнүн жаңыланган модели.
