Кыргызстанда балдарды 1-класска кабыл алууда эч кандай экзамен болбойт
14 март

Кыргызстанда балдарды 1-класска кабыл алууда эч кандай экзамен болбойт

Билим берүү жана илим министрлиги 2025–2026-окуу жылында 1-класска балдарды кабыл алууда эч кандай тандоо жана кирүү экзамени өткөрүлбөй турганын маалымдады. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештеги "Мекенчил" депутаттар тобунун жыйынында билдирди.

Министрлик ата-энелердин жашаган жери боюнча каттоосуна ылайык, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу балдарды 1-класска жана 2-класска автоматтык түрдө кабыл алууну камсыздайт. Бул процесс эч кандай сертификатсыз жана сынаксыз өткөрүлөт.

Мыйзамга ылайык, мектептерде окуучуларды тандоо процесси каралган эмес, бардык балдар билим алуу мүмкүнчүлүгүнө тең укуктуу.