Мугалимдер мектептердеги ремонт иштерине тартылбайт — министр
Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер мектептердеги ремонт иштерине тартылбай турганын билдирди.
Министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мугалимдердин негизги милдети — сабак берүү жана билим берүү процессин уюштуруу экенин баса белгиледи.
Министр ошондой эле, республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук ондоп, туздоого 401 млн сом бөлүнүп жатканын билдирди. Буга чейин материалдарды жана товарларды гана сатып алуу каралса, мындан ары утурумдук оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү кызматтарына дагы каржылоо каралат. Бардык билим берүү башкармалыктарына кат жөнөтүлгөнүн, тапшырма берилгендигин айтты.
Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартуу мыйзамсыз экенин белгиледи.
