КМТУда Эл аралык IT-Форум – 2025 өттү
5 декабрь

КМТУда Эл аралык IT-Форум – 2025 өттү

4-декабрда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Эл аралык IT-Форум 2025 жана FabLab Бишкек менен КМТУнун инновациялык прототиптер көргөзмөсү өттү.

Иш-чара университетке мамлекеттик органдарды, эл аралык уюмдарды, IT-компанияларды жана жаш инженерлерди бириктирди.

Форумдун ачылышына Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемель Садыков, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, Корея Республикасынын Элчиси Ким Квангдже жана өнөктөш уюмдардын жетекчилери катышты.

Форумда жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана инновацияларды өнөр жай менен билим берүү тармагына киргизүү боюнча негизги докладдар окулду.

Панелдик дискуссияда ЖИни өнөр жайда жана билим берүүдө колдонуу, стартаптарды колдоо жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланды.

Форум менен катар FabLab Bishkek Makerthon 2025 өтүп, жаш инженерлер прототиптерин сунушташты.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1-орун — 1 000 доллар;
2-орун — 700 доллар;
3-орун — 500 доллар.

Ошондой эле OZONIX долбоору бизнес-инкубация программасында жеңүүчү болуп, 5 000 доллар грант алды.