Дордой конушуна кошумча жаңы мектеп курулат
2 февраль

Дордой конушуна кошумча жаңы мектеп курулат

Президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп салынат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 31-январда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курула турган 20 мектептин долбоору жана курулуш аянттары менен таанышып чыкты.

Алардын бири борбор калаадагы Дордой конушунда жайгашкан №94 орто билим берүү мектебинин жанына жаңы окуу корпусу курулат. Долбоорго ылайык, заманбап бардык шарттары менен 3 кабаттуу окуу корпусу салынат.

Министр аталган объекттин курулуш аянты жана долбоордук документтери менен таанышып, департаменттин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди. Жакын арада курулуштун алгачкы этабы башталат.

Белгилей кетсек, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылат.