Кара-Суу районундагы Кайрагач айылында 275 орундуу мектеп курулууда 
26 июнь

Кара-Суу районундагы Кайрагач айылында 275 орундуу мектеп курулууда 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу улантылууда. 

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, курулуш иштери 2015-жылдан бери уланып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Тендердик баасы — 105 миллион сом.

Долбоор боюнча мектеп төрт блоктон турат: эки кабаттуу окуу имараты, актовый жана спорт залы.

Жалпы аянты — 2 262 м². Курулуш иштери заманбап стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, мектеп толук кандуу билим берүү үчүн зарыл болгон бардык жабдуулар менен камсыздалат.