Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы медициналык колледжде аныкталган коррупциялык схемалар боюнча
9 сентябрь

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы медициналык колледжде аныкталган коррупциялык схемалар боюнча

Мамлекеттик мекемелердеги системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан жалпы улуттук саясаттын алкагында улуттук коопсуздук органдары тарабынан билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Өлкө жетекчилиги тарабынан билим берүү мекемелеринин педагогикалык курамы үчүн шарттарды жакшыртуу жана эмгек акыларын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, айрым кызматкерлер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн жарандардан акча талап кылып, мыйзамсыз сый акы алууну улантып келишүүдө.

Тактап айтканда, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы медициналык колледждин кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жараны Л.Д.М. тарабынан абитуриенттерди бюджеттик негизде окууга кабыл алуу боюнча оң жана ыкчам чечимдерди чыгаруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алуу фактылары аныкталды.

Аталган кылмыш фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

КР УКМК билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестигин эскертип, Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган чөйрөдөгү коррупциянын бардык фактылары тууралуу билдирүүгө чакырат