«Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды
Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы №155 «№ 99 Кесиптик мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу.
Өзгөчө статустун алкагында аталган лицейге Жарлыкта көрсөтүлгөн маалыматтык технологиялар багыты боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берүү каралган. Ошондой эле өзгөчө статусу бар мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу маселелелерин укуктук жөнгө салуу тууралуу нормалар сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Бактыбек Чойбеков кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, кадрларды даярдоо маселелерине көңүл бурду. Ал эми эл өкүлү Надира Нарматова өлкө боюнча 93 кесиптик лицей бар экенин белгилеп, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу керектигин айтты. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдоп, учурда техникалык багыттагы, айрыкча IT тармагындагы кесиптерге суроо-талап өсүп жатканын жүйө келтирди.
