Баатыр энелердин балдарын жогорку окуу жайда 50 пайыз арзандатуу менен окутуу сунушталууда
23 апрель

Баатыр энелердин балдарын жогорку окуу жайда 50 пайыз арзандатуу менен окутуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин жыйынында юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров баатыр энелерге жеңилдик берүү боюнча токтом долбоору менен тааныштырды. 

Анда белгилегендей, “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин жогорку окуу жайда окуган балдарынын контрагынын 50 пайызын мамлекет төлөйт. 

“Баатыр энелер демографиянын өсүшүнө жана адам капиталынын калыптанышына өзгөчө салым кошушат. 1996-жылдан бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 42 936 эне “Баатыр эне” ордени менен сыйланган. Алардын 31 302си пенсия курагында, аларга пенсиясына кошумча иретинде мамлекеттен миң сом берилет. 75и 55 жаштын тегерегинде, пенсия курагына жете элек, аларга ай сайын 3 миң сом жөлөкпул төлөнөт. Ушуну менен мамлекеттин баатыр энелерге арналган социалдык жардамы бүтөт”, – деди Айдаров. 

Анын айтымында, учурда жогорку окуу жайлардын контрагы кескин өскөн жана статистикага таянганда, эң аз контракт – 29 500 сом, а эң кымбаты – 288 585 сом. Ал эми төлөмдү доллар менен кабыл алынган окуу жайларда студенттер 7500 доллардан төлөп окуп жатышат. 

“Бул өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн өтө чоң сумма. Мамлекет баатыр энелерге карата көптөгөн программаларды ишке ашырууда: “Бала-береке”, “Бала-ырыскы”. Анын алкагында, 300-400 миңге жакын үй-бүлө мамлекеттин камкордугуна алынды. Биз сунуштап жаткан токтом долбоору дагы мамлекеттин өнүгүү стратегиясынын жана мамлекеттик саясаттын логикалык уландысы болуп саналат”, – деди ал. 

Ошондой эле, ал баатыр энелерге колдоонун көбөйүшү демографиялык көйгөйдү алдын алууга жардам берээрин кошумчалады. Айтымында, дүйнөдө Азиянын бир катар өлкөлөрү жана Африка өлкөлөрүнөн башка бардык өлкөлөр демографиялык маселеге кез келген. Кыргызстанда да бул көйгөй жаралышы мүмкүн: акыркы жылдары ымыркайлардын төрөлүшү 20-30 миңге азайган. 

“Баатыр энелерди азыртан колдоп баштасак, демографиялык кризистин алдын алууга жардам берет деп ишенем. Анын үстүнө биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз бар. Бул  ата – эненин орду жана бир туугандык мамиле. Биз бир үй-бүлөнүн улууларын жогорку билим алууга, кесипке ээ болууга шарт түзсөк, алар кичүү бир туугандарын колдоп кетишет”, – деди Айбек Айдаров.