Тогуз-Торо районунда 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды 
15 сентябрь

Тогуз-Торо районунда 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды 

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айылындагы бала бакчанын курулуш иштери аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Курулуштун наркы 62 миллион сомду түзөт.

Жалпы аянты 890 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат 100 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берет. Бала бакчанын ичинде уктоо, оюн жана тарбиялык бөлмөлөрү каралган.

Мындан тышкары, балдардын сергек жана активдүү өсүшү үчүн сырткы оюн аянчасы жана эс алуу жайлары да каралган.