Түп районунда 100 орундук бала бакчанын курулушу башталды
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Бирлик айылында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 80 млн сомдон ашат.
Долбоорго ылайык, эки кабаттуу имарат бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына ылайык курулат. Бала бакчада уктоочу жана ойноочу бөлмөлөрү, ашкана, окуу залы, дарыгердин кабинети, кабыл алуу бөлмөсү, ошондой эле ачык оюн аянтчалары каралган.
Курулуш процесси Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
