ИИМ бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук чараларын сактоого чакырат
Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
Ведомство бүтүрүүчүлөргө кайрылып, акыркы коңгуроо — бул өмүрдөгү өзгөчө күндөрдүн бири катары эсиңиздерде калышы керектигин эскертти.
"Ошондуктан, Ички иштер министрлиги сиздерден бул майрамды шаңдуу маанай менен, бирок ошол эле учурда жоопкерчилик менен өткөрүүнү суранат. Коомдук тартипти сактап, ар кандай мыйзам бузуулардан алыс болуңуздар. Ошондой эле, бул күндөрү милиция кызматкерлери республиканын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Коомдук коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат", - деп айтылат маалыматта.
