Достук милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милиция кызматкери болууну кыялданган эки окуучуга белек тапшырышты
Аламүдүн районунун Константиновка айылынын №18 орто мектебининин 2-классынын окуучуларынын арасында «Менин кесибим – менин келечегим» аталышындагы дил баян жазуу боюнча сынак өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Аламүдүн РИИБдин жашы өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан уюштурулуп, сынакка жалпы 63 окуучу катышкан. Сынактын жыйынтыгы менен эки окуучу өздөрүнүн дил баянында милиционер болууну кыялданарын жазышкан.
Келечекте милиция кызматкери болууна каалаган эки окуучуга милиция кызматкерлери жагымдуу маанай тартуулап, баалуу белектерди тапшырышып, ийигиликтерди каалашты.
