Токтогулда 750 орундуу заманбап мектеп жана бала бакча курулат
Токтогул шаарында 750 орундуу заманбап мектеп жана 150 орундуу балдар бакчасы курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, мектеп жана бала бакча куруу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ташиев курулуштун долбоорлорун тез арада иштеп чыгууну жана канча каражат кетээрин эсептеп чыгууну тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди.
Каражаттар президент Садыр Жапаровдун турукташтыруу фондунан камсыз кылынары белгиленди.
