Ош облусунун Кыргызстан айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктады
11 август

Ош облусунун Кыргызстан айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстан айылындагы көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген №31 О.Курбанбаев атындагы мектеп аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзөт.

Билим ордо заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпус жана спорт залынан турат. Негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, компьютердик класс, конференц-зал, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстары каралган.

Белгилей кетсек, эски мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай болуп курулуп, кийин мектеп катары колдонулган. Ал эми, 1985-жылы бала бакча багытында кошумча корпусу салынып, бирок окуучулар билим ала башташкан.