Кесиптик лицейлердин 1300дөн ашуун окуучусу жайкы лагерлерде эс алышат
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн жайкы ден соолукту чыңдоочу эс алуу мезгилин ачып берди. Салтанаттуу ачылыш агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун катышуусунда өттү.
2025-жылы жайкы өнөктүктүн алкагында бүткүл өлкө боюнча кесиптик лицейлердин 1300дөн ашуун окуучусу Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейдин жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы № 39 кесиптик лицейдин базасында уюштурулган “Келечек” аталышындагы эмгек жана эс алуу лагерлеринде эс ала алышат.
Быйыл бул программага катышууга кесиптик лицейлерден 1371 өтүнмө келип түшкөн. Анын ичинен:
• 66 лицейден 1241 окуучу Ысык-Көлдүн жээгиндеги лагерди тандаган;
• 9 лицейден 130 окуучу жай мезгилин Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өйүш-Булак айылындагы лагерде өткөрүшөт.
Билим берүү жана чыгармачылык иш-чараларды камтыган коопсуз жана мазмундуу эс алууну уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 4,5 млн сом бөлүнгөн.
Агартуу министринин орун басары А. Махметкулов жайкы лагерге катышуу – окууда жана коомдук турмушта өзүн көрсөткөн окуучулардын иш-аракетин татыктуу баалоо экенин белгиледи:
«Мамлекет силердин билим алууңар, өнүгүүңөр, эс алууңар үчүн бардык шарттарды түзүп жатат.
Силер квалификациялуу адистерден гана болбостон, өз өлкөңөрдүн татыктуу жарандары болууга да аракеттенип, жоопкерчиликти сезесиңер, алдыга умтуласыңар деп ишенебиз», – деп баса белгиледи ал.
Министрлик лагерлердеги шарттарды жыл сайын жакшыртууда: инфраструктура жаңыланып, иш-чаралардын программасы кеңейтилүүдө, жаштардын кызыгуусуна багытталган заманбап билим берүү практикалары киргизилүүдө.
Агартуу министрлиги бардык окуучуларга кызыктуу, пайдалуу жана коопсуз эс алууну, жаңы досторду жана келечектеги ийгиликтер үчүн дем-күч каалайт!
