Кара-Кулжа районунда жаңы бала бакча курулууда
22 май

Кара-Кулжа районунда жаңы бала бакча курулууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Жийде айылында заманбап бала бакчанын курулушу уланууда, деп билдирет Курулуш министрлиги. 

Объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет.

Долбоорго ылайык, бала бакча 60 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети жана кабылдаманы каралат. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо жумуштары 70 пайызга аткарылды.

Курулуш ишинин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.