Бишкекте мектептерде 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат
Үстүбүздөгү жылдын 23-майында саат 09:00дө Бишкек шаарындагы айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 – 2026-окуу жылына 1- жана 2-класстарга окуучуларды кабыл алуу боюнча кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.
Бул орундар ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында берилүүдө.
Кошумча квоталар төмөнкү билим берүү уюмдарында каралган:
* №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназия
* №10 жалпы билим берүүчү орто мектеп
* №13 англис тилин тереңдетип окуткан мектеп-гимназия
* №12 Л.В. Толстунов атындагы орто мектеп-гимназия
* №17 А.С. Пушкин атындагы орто мектеп
* №20 Г. Алиев атындагы орто мектеп
* №26 орто мектеп
* №29 орто мектеп
* №37 орто мектеп
* №40 орто мектеп
* №41 орто мектеп
* №44 орто мектеп
* №56 орто мектеп
* №62 орто мектеп
* №63 Ч. Айтматов атындагы орто мектеп
* №64 орто мектеп
* №75 орто мектеп
* №82 орто мектеп
* №84 Ж. Садыков атындагы орто мектеп
* №88 орто мектеп
* №92 орто мектеп
* №102 И. Арабаев атындагы орто мектеп
* №119 орто мектеп.
