Быйыл Бишкекте 32 жаңы мектеп курулат
Быйыл Бишкекте 32 жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, 2022-жылдан бери 30 жаңы мектеп ачылып, 40ка жакын мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
"Мурда авариялык абалда турган эки мектеп үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берилет, жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды куруу улантылат. Бишкекте үй тибиндеги 143 бала бакча ачылды", – деди ал.
