Таласта Агрозоовет окутуу караваны өттү
25 март

Таласта Агрозоовет окутуу караваны өттү

Талас облусунун Талас районунда жана Чүй облусунун, Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүндө Министрликтин жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте Агрозоовет окутуу өткөрүлдү. 

Бул иш-чараларда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана фермерлердин агроөнөр жай комплексиндеги жаңы изденүүдөгү тийиштүү маалыматтар менен билимин жогорулатуу жана министрликтин ишке ашырып жаткан иштери,«Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо» долбоору, «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору, Айыл чарбасын каржылоо – 13, мал чарбасындагы 3 пайыздык каржылоо долбоору, суу маселелери, үрөөн, ветеринария жана жайыт маселелери боюнча талкуу болуп өтүп, аталган маселерди чечүүгө тапшырмалар Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө берилди.