Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү: туруктуу өнүгүү бала чактан башталат
7 июль

Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү: туруктуу өнүгүү бала чактан башталат

  • Кыргыз Республикасында өлкөнүн туруктуу өнүгүшү эң кичинекей жарандарга – мектепке чейинки курактагы балдарга инвестиция салуудан башталары тууралуу түшүнүк күн сайын бекемделүүдө. Ошондуктан мамлекет мектепке чейинки билим берүү системасын активдүү өнүктүрүп, туруктуу өнүгүү максаттарынын төртүнчү максатына (ТӨМ 4), тактап айтканда бардык адамдар үчүн инклюзивдүү, адилет жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жана өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө карай ырааттуу кадам таштап келе жатат.

    Мектепке чейинки билим берүү — бул жөн гана мектепке даярдык эмес. Бул баланын интеллектуалдык, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнүн пайдубалы. Изилдөөлөргө ылайык, бала бакчага барган балдар мектепке оңой көнүп, окууда да жогорку жыйынтыктарга жетишет. Демек, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу – туруктуу өнүгүүнүн өзөгүн түзөт.

  • Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 257 миңден ашуун бала ар кандай формадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барат.

    Альтернативдик билим берүү формалары алыскы аймактар үчүн чечим

  • Күндүзгү толук форматтагы бала бакчаларды уюштуруу мүмкүн болбогон айылдык аймактарда китепканалардын базасында кыска мөөнөттүү бала бакчалар жана эрте өнүктүрүү борборлору ачылууда. Аталган формалар тоолуу жана жетүү кыйын аймактардагы балдарга да мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул аркылуу өлкөнүн эң алыскы бурчундагы балдар да билимден четте калбайт. Бул – БУУнун 2030-жылга чейинки күн тартибине киргизилген «эч кимди артта калтырбоо» принцибине толук жооп берет.

  • Билим сапаты тарбиячыдан башталат

  • Орундардын саны менен катар билим берүүнүн сапаты да маанилүү. Мамлекет бул багытта тарбиячылардын квалификациясын туруктуу түрдө жогорулатып келет. Алар эки апталык окуудан өтүп, сертификат алышат, оюн, өзгөчө балдар менен иштөө ыкмаларын жана дискриминациясыз мамиленин негиздерин үйрөнүшөт. Бул аракеттер ТӨМ 4.7 максатына – туруктуу билимдер менен көндүмдөрдү өнүктүрүүгө – багытталган.
    Кыргызстан билим берүү тармагындагы ТӨМ максаттарына карай ишенимдүү кадам таштап келе жатат. Мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү, үй-бүлөлөрдү колдоо, инфратүзүмдү өнүктүрүү жана санариптик чечимдерди колдонуу – эрте жаштан тарта балдардын билимге тең мүмкүнчүлүгүн түзгөн туруктуу негиз болуп саналат. Дал ушундай жол менен келечектеги чакырыктарга даяр коом калыптанат.

    Оперативдүү маалыматтар боюнча, мектепке чейинки билим берүүнүн бардык формалары менен камтуу, анын ичинде мектепке даярдоо – 44,3% түзөт. Бул көрсөткүч 2020-жылдагы 22% менен салыштырмалуу дээрлик эки эсе өскөн. Мамлекет алдына ири, бирок жетишүүгө мүмкүн болгон максаттарды коюп жатат: 2025–2026-окуу жылында 60% камтууга жетүү, ал эми 2030-жылга чейин 80%га жетүүгө умтулат. Бул түздөн-түз ТӨМ 4 көрсөткүчтөрүнө шайкеш келет.

  • Бул максаттарга жетүү үчүн өлкө боюнча жаңы бала бакчалар курулуп, ачылып жатат. Акыркы бир нече жылда алардын саны 400гө жакын көбөйдү. Мурда башка максаттарга берилген имараттарды кайрадан мектепке чейинки билим берүү системасына кайтаруу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 50дөн ашуун объект мамлекетке кайтарылып, алардын 15и бала бакча катары иштеп жатат, калгандары боюнча калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

  • Инклюзия жана тең мүмкүнчүлүк – туруктуулуктун негизги принциптери

  • Кыргызстанда колдоого муктаж үй-бүлөлөр үчүн ваучердик каржылоо механизми активдүү киргизилип жатат. Бул – инновациялык модель. Ваучер ар бир балага бекитилет, ал эми ата-энелер өздөрүнө ылайык бала бакчаны тандап алууга мүмкүнчүлүк алышат. Ваучердин өлчөмү үй-бүлөнүн категориясына жана регионго жараша айына 2000 сомдон 4560 сомго чейин. Бул механизм ТӨМ 4 максаттарындагы адилеттүүлүк жана инклюзия принциптерин ишке ашырууга көмөктөшөт.

  • Санариптештирүү жана ачык башкаруу

  • Учурда мектепке чейинки билим берүү тутумунун ачыктыгын камсыз кылуу үчүн заманбап санариптик куралдар колдонулууда. «Балалык» маалыматтык системасы менчик формасына карабастан бардык бала бакчаларды каттоого алат. Ата-энелер бул платформа аркылуу бош орундарды көрө алышат, онлайн түрүндө кезекке туруп, бала бакчаларга кабыл алуу процессин көзөмөлдөй алышат. Бул – тынчтык, акыйкаттык жана натыйжалуу институттарды камтыган ТӨМ 16 принциптерине жооп берген мамлекеттик башкарууга карай маанилүү кадам.