Тармактык комитет «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтарын укту.
Бүгүн, 18-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтары угулду.
Комитет жыйынында бул багытта Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев баяндама жасап, бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришти.
Үмүткан Коңкубаева белгилегендей, укук бузуулардын алдын алуу максатында прокуратура тарабынан 2024-жыл ичинде мамлекеттик органдарды текшерүү учурунда 923 мыйзам бузуу аныкталган. Анын натыйжасында 416 кызмат адамы тартиптик жазага, 8 кызматкер укук бузуулардын негизинде жоопкерчиликке тартылган.
«Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү администрациялар, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары иштиктүү иш алып барбай, формалдуу гана маалыматтарды берип келишкен», – деди Башкы прокурордун орун басары.
Ал эми Эркебек Аширходжаев «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзам иштеп баштаган акыркы төрт жылдан бери кылмыштарды каттоо 69%га төмөндөгөнүн белгиледи. Ал эми өлкөнүн 1848 мектебинде (80%) видеокамералар орнотулганын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, дагы 17 билим уясында камералар орнотулуп жатса, 267 чакан мектепте камералар жок.
Талкуу учурунда комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков соңку учурда мектеп окуучуларынын өлүмү менен коштолгон окуяларга токтолуп, мамлекеттик органдардын укук бузуулардын алдын алуу ишинин натыйжасыздыгын сынга алды. “Акыркы бир жарым айда бир нече окуучулар каза болду, бул чоң кайгылуу окуя. Мамлекеттик органдар жогорудагы мыйзамдын талаптарынын негизинде алдын алуу иш аракеттерин алып баруусу кажет болчу. Бирок, баары формалдуу отчет беришип, реалдуу иш жок, кайгылуу окуялар орун алды”,- деди Сүйүнбек Өмүрзаков. Депутат бардык мамлекеттик органдарды бул багытта активдүү иш алып барууга чакырды.
Депутат Айсулуу Мамашова өспүрүмдөрдүн өлүмү менен коштолгон окуяны өкүнүү менен белгилеп, мектептерде өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун, психологдордун жетиштүүлүгүн камсыздоо, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү жагдайларына көңүл бурду. Депутат Русланбек Жакышов мектепте өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлорду жыл сайын ротациялоо, комплекстүү иш аракеттерди көрүү менен тарбиялык сааттарды көбөйтүү жагдайларына токтолду. "Бул көйгөй бүгүн пайда болгон жок. Каргашалуу окуялардан кийин гана бул тууралуу белгилүү болду, тиешелүү органдар буга чейин эмне иш алып барышты",-деди депутат. Эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин бул багыттагы биргелешкен профилактикалык иштеринин пландарын тактады.
Ал эми депутат Алишер Эрбаев каргашалуу окуялардан кийин жумуштан четтетилген ИИМ кызматкерлери жана мектеп мугалимдери сыяктуу мыйзам бузуулардын алдын алууну координациялаган, мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөгөн тиешелүү прокурорлордун да жоопкерчилигин кароону белгиледи. Депутат Бакытбек Марипов өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгына терс кесепеттерин тийгизген компьютердик клубдарга алардын кирүүсүн чектөө, ИИМдин каттоосуна алынган жүрүм-туруму начар балдарды ЖОЖдорго кабыл албоо сыяктуу сунуштарын берди.
Жыйынтыгында комитет депутаттардын сунуштарын эске алуу менен чечим кабыл алып, 20 күн аралыгында кайрадан мамлекеттик органдардын маалыматтарын угууну белгиледи.
