Бишкекте тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө
Бишкек шаарында 26-27-сентябрь күндөрү алгачкы кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына арналган «Түрк дүйнөсүнүн агартуучулук кыймылынын алкагында Осмонаалы Сыдык уулунун мурасы» аттуу эл аралык конференция өтүүдө.
Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Апас Жумагулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, ошондой эле “Манас” улуттук академиясынын өкүлдөрү жана АКШ, Россия, Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын илимпоздору жана коомдук ишмерлери катышууда.
Белгилей кетсек, эл аралык конференцияны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Эл аралык Түрк академиясы жана “Манас” улуттук академиясы биргеликте уюштурган.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар 27-сентябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине жана “Бурана” тарыхый-архитектуралык музейине зыярат кылышат.
